Айга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөтАйтматов проспектисинде кире бериш жолдор ачылып, жаңы жолдор курулатБишкекте көп функционалдуу жаңы спорт комплекс ачылды
Араванда сууга агып кеткен эки адамдын бири Өзбекстандан табылды
24.06.2019 | 11:57
Араван районунда сууга агып кеткен эки адамдын бири Өзбекстандан табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Буга чейин ӨКМдин куткаруучулары Араван районунда сууга агып кеткен 33 жаштагы эркектин жана 22 жаштагы аялдын сөөгүн Түштүк-Фергана каналынан издеп жатканы, издөө ишине көмөктөшүү үчүн Өзбекстанга кат жолдонгону кабарланган.
22-июнда өзбек куткаруучулары аял кишинин жансыз денеси табылгандыгын маалымдашкан. 23-июнь күнү изделип жаткан ададмардын жакындары жерине барып, 22 жаштагы келин экенин аныктап келишкен.
Рубрики: Жаңылыктар