Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 10-январда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда бир аз кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрден, 9-январда Ысык-Көл акваторисында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -8…-13, күндүз 0…5;
Таласта түнкүсүн -11…-16, күндүз -1…4;
Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн -4…-9, күндүз 2…7;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -9…-14, күндүз -1…4;
Нарында түнкүсүн -19…-24, күндүз -6…-11 градус болот.
Бишкекте кар жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -10…-12, күндүз -1…-3 градус суук болот.