Мадагаскарда президент өлкөдөн качып, бийлик аскерлердин колуна өттүБишкектеги ЦУМдун жанындагы оңдоо иштери декабрдын башында аяктайтАйсулуу Мукашеванын өлүмүнө шектүүнүн мурдагы кылмыштары ачыкка чыктыМосквада «Ак кеме» жана «Күн кармаган бала» спектаклдери коюлдуТИМ АКШда миграциялык текшерүүлөр күчөтүлгөнүн билдирип, жарандарга сунуштарды бердиНарында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы кармалды
Видео: УКМК Токмок шаардык милициясынын тергөөчүсүн кармады
09.03.2023 | 10:14
Токмок шаардык милициясынын тергөө кызматынын улук тергөөчүсу пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Б.Б.К. аттуу тергөөчү 50 миң сом пара алып жаткан жеринен колго түшүрүлгөн. Кармоо иш-чарасы ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн.
“Б.Б.К. аттуу тергөөчү жарандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу менен коркутуп, акча талап кылып келгендиги аныкталды”, – деп билдирет УКМК.
Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз