Бүгүн 31-мартта, Талас областтык прокуратурасынын жаңыдан курулган административдик имаратынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Башкы прокуратурасынан билдиришти.
Маалыматка караганда, ачылыш аземге Башкы прокурору Курманкул Зулушев, облустук прокуратура органдарынын кызматкерлери, ардагерлери, ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери жана ошол аймактын жашоочулары катышты.
Иш-чарада Башкы прокурор Курманкул Зулушев прокуратура кызматкерлерине мамлекеттин укуктук тутумун чыңдоо, элдин ишенимин кайтаруу, өлкө аймагында мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуу боюнча өзүнүн конституциялык милдеттерин кынтыксыз аткаруу талабын коюп, мындан ары да кызматкерлердин эмгек шарттарын жакшыртууга, социалдык жактан коргоого көңүл бурулаарын билдирди.
Талас облустук прокуратурасынын эки кабаттуу административдик имараты Талас шаарынын Ч. Айтматов көчөсүндө жайгашып, кызматкерлер үчүн баардык шарттар түзүлүп, зарыл болгон заманбап жабдуулар менен камсыздалды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз