Исхак Масалиев чуулгандуу иштерди кайра кароону сунуштады. 2020–2026-жылдардагы эң ири соттук процесстерди эске салабызСоциалдык контракт алууга арыздарды кабыл алуу башталдыУлуу Британиянын ордуна Швейцария: Кыргызстандын экспортунун географиясы кандай өзгөрдү?Бишкекте интимдик кызмат көрсөтүүгө айыпталып 70тен ашык кыз кармалдыОш шаарында курулуп жаткан «Келечек» базары мартта пайдаланууга берилетЖылдын башкы интригасынын көшөгөсү ачылды: MBANK’тан ким батир утуп алды?
Кыргызстанда Орозо айт 21-апрелде белгиленет
17.04.2023 | 15:54
Кыргызстанда 21-апрелде Орозо айт белгиленет. Бул тууралуу Мусулмандардын дин башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Ислам шариятында Орозо айынын башталышы жана аякташы жаңы чыккан Айдын көрүнүүсүнө карап аныкталат. Орозо айы кээде 30, кээде 29 күн болот.
Быйыл Орозо айы 23-мартта башталган.
Муфтияттан белгилешкендей, жогоруда көрсөтүлгөн күн Айдын чыгышына карап бир күнгө айырмаланып калышы мүмкүн.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом