Кыргызстандык спортчу Венгриядагы дзюдо турниринде алтын медаль тагындыЧуңкурчакта түлкүнү аткан жарандарга айып пул салындыБишкекте жол тандабас жөө өтмөктөн 25 жаштагы жаранды сүзүп кетип, ал каза таптыСадыр Жапаров «Дастан» заводунда дрондорду өндүрүүнү ишке киргизүүнү тапшырдыКазакстанда Борбордук Азиядагы эң ири шамал электр станциясынын курулушу башталдыБишкек мэриясы шаарга 625 кичи автобус сатып алууну көздөөдө
Бүгүн “Дордой” менен “Хужант” Бишкекте беттешет
26.06.2019 | 10:05
“Дордой” футбол клубу бүгүн, 26-июнда Тажикстандын “Хужант” командасы менен Бишкекте беттешет. Оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо кечки саат сегизде башталат.
Беттеш Азиянын футбол конфедерациясынын (АФК) кубогунун 6-турунун алкагында өтөт.
19-июнда “Дордой” Түркмөнстандын “Алтын-Асыры” менен ойноп, 3:1 эсебинде жеңилип калган.
АФК кубогунун тайпалык оюндарында “Дордой” “D” тайпасына туш келип Түркмөнстандын “Алтын-Асыр” Тажикстандын “Истиклол” жана “Хужант” командалары менен ойноп, 5-турдун жыйынтыгы менен тайпада акыркы орунду ээлеген. Эми аталган командалар дагы бирден беттеш өткөрүп, эң көп упай топтогон команда мелдештин плей-офф баскычына чыгат.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт