2019-жылы Ош облусунун аймагында Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 8613 маалымат катталган. Облустук милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, катталган маалыматтардын 4189у кылмыш, 4424ү жорук.
Бул көрсөткүч 2018-жылга салыштырмалуу 454кө аз катталганы белгиленет.
2019-жылдын 12 ай ичинде Ош облусу боюнча 3268 сотко чейинки иштер өндүрүштө болуп, анын ичинен 2619 кылмыштын бети ачылган.