Садыр Жапаров V Элдик курултай жөнүндө жарлыкка кол койдуКыргызстанда автомектептерге лицензиянын ордуна мамлекеттик реестр киргизүү сунушталууда — кенен маалыматКореядагы элчи алмашты: Мэлис Мамадалиев Аида Исмаилованын ордуна дайындалдыБишкекте Маданият университетинин аймагында бак-дарактар мыйзамсыз кыйылганЛенинград блокадасынын жылдыгында дайынсыз жоголгон 19 кыргызстандыктын тагдыры тууралуу маалымат берилетАзисхан Мусабек уулу Көчмөндөр оюндарындагы жеңиши менен спорттук карьерасын жыйынтыктады
Кыргызстандын элчиси Дональд Трампка ишеним грамотасын тапшырды
17.06.2025 | 17:32
11-июнда Кыргызстандын АКШдагы Элчиси Айбек Молдогазиев Американын Президенти Дональд Трампка ишеним грамотасын тапшырды.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, жолугушуу учурунда элчи Молдогазиев Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровдун саламын жана каалоо-тилектерин жеткирди.
Ошондой эле ал өз ара кызыкчылык жараткан тармактар боюнча кыргыз-америка мамилелерин андан ары өнүктүрүүгө даяр экендигин билдирди.
АКШнын Президенти Дональд Трамп эки өлкө ортосундагы туруктуу жана достук мамилелерди чыңдоого, ошондой эле жалпы күн тартибин илгерилетүүгө болгон ниетин белгиледи. Тараптар эки тараптуу кызматташуунун кеңири багыттары боюнча конструктивдүү диалогду улантууга даяр экендиктерин тастыкташты.
Рубрики: Жаңылыктар