Видео: Көк бөрү командасынын капитаны кармалды

Видео: Көк бөрү командасынын капитаны кармалды

Токтогул районундагы көк бөрү командасынын капитаны кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына Бишкек шаарынын аймагында көп убакыттан бери ири өлчөмдө «нашаа» баңгизатын сатып келген кылмыштуу топ боюнча ыкчам маалымат келип түшкөн.

Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө милиция Бишкек шаарында баңгизат сатып жүргөн адам катары мурда соттолгон 42 жаштагы Ж.Э. аттуу жаранды аныктаган. Шектүү Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда туулган, учурда Токтогул районунун көк бөрү боюнча командасынын капитаны болуп саналат.

«Кара-Курай» аталышындагы рейддин жүрүшүндө Бишкекте 7-июль күнү болжол менен саат 23:00до Бишкек шаарынын Фучик көчөсүндө Ж.Э. башкаруусундагы «Мерседес-Бенц-814″ жүк ташуучу унаасы токтотулган. Унааны текшерүү учурунда табылган банкада баңгизат жасоочу аппараттар — ширенке кутучасы түрүндөгү 2 даана Hony-Bag Basic KIT 5 фирмасы чыгарган темирден жасалган тор бар болгон», — деп билдиришти министрликтен.

Белгилүү болгондой, милиция Ж.Э. жашаган жерде кызматтык ит менен тинтүү жүргүзүп, анын жыйынтыгында сарайдын чатырында өзгөчө жыты бар кочкул-жашыл түстөгү зат табылган. Экспертиза табылган зат 62,32 грамм салмактагы «нашаа» баңгизаты экенин көрсөткөн.

Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүгү (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

«Ошондой эле, сарайдан баңгизат даярдоочу челек жана буюмдар табылды. Ал эми үйдүн короосундагы жашыруун жайда тиешелүү документтери жок ок атуучу курал сакталып турган. Учурда бул факты боюнча экспертиза дайындалды», — деп айтылат маалыматта.

Шектүү соттун чечими менен эки айга камакка алынган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Бишкек ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>