Саясат жана кылмыш темаларын чагылдырган журналист Вадим Ночевкин каза таптыТаш жүктөп бараткан. Бишкекте жүк ташуучу унаа оодарылып кеттиБишкектеги соода борборлорун жардырам деп билдирүү тараткан жаран кармалдыИнтернет шылуундугу: Жаранды 14 млн сомго алдап кеткен шектүү кармалдыЫсык-Көлдө көк бөрү оюну учурунда чыккан чырдан бир адам каза таптыАйсулуу Тыныбекова VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын амбассадору болду
2024-жылы энергетика тармагына дээрлик 75 млрд сом бөлүнөт
22.12.2023 | 21:29
2024-жылы өлкөнүн энергетика тармагына 74,9 миллиард сом бөлүнөт. Бул тууралуу бүгүн министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров энергетиктерди майрамы менен куттуктап жатып билдирди.
Ал республикада энергетика тармагына өзгөчө кырдаал киргизилгенин эске салды. Негизги максат – электр станцияларын курууну тездетүү жана электр энергиясын өндүрүүнү көбөйтүү, профицитке жеткирүү жана 2026-жылы электр энергиясын экспорттоо.
«Биз 2031-жылга чейин он жылдын ичинде 3,8 миң мегаваттка чейин кошумча кубаттуулукту ишке киргизебиз», – деди Акылбек Жапаров.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика