Ичүүчү суунун тарифтерин тейлөө чыгымдарына ылайык жөнгө салуу сунушталдыБазар-Коргон районунда баасы 850 млн сомдон ашкан эки каналдын курулушу башталдыМөөнөтү өтүп кеткен 10 тонна кондитердик азыктар аныкталып, өрттөлдү8-мартта тынчтык акциясын өткөрүүгө уруксат сурап, президентке кайрылуу жасалдыОш шаарында үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө белек берилдиЖакында эле эркиндикке чыккан Даниэль Ажиев кайрадан кармалды
Таалатбек Масадыков ЖККУнун Башкы катчысынын орун басары болуп дайындалды
22.12.2023 | 22:54
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Масадыков Таалатбек Шамудинович 2024-жылдын 1-январынан тартып Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Башкы катчысынын орун басарынын квоталык кызмат ордуна дайындалды жана ал мурда ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, бүгүн мамлекет башчысы Таалатбек Масадыковду кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө ЖККУнун ишинин артыкчылыктуу багыттары боюнча бир катар маселелер талкууланды.
Президент Садыр Жапаров Таалатбек Масадыковго жооптуу ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.
Рубрики: Жаңылыктар