Чүйдө жаш жигит мас абалда жөө адамды өлтүрө сүзүп, качып кеткен

08.04.2024 | 16:55

Чүйдүн Шопоков шаарында айдоочу жөө адамды өлтүрө сүзүп кеткен. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 7-апрелге караган түнү саат 02:30да болгон. «Хонда Фит» унаасынын 2005-жылы туулган айдоочусу Т.А. 46 жаштагы тургунду сүзүп, окуя жеринен качып кеткен. Унаа сүзгөн адам алган жаракаттарынан улам көз жумган.

Аталган факт каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси (унаа каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) жана 144-берене (коркунучта калтыруу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Бул ишке шектүү катары кармалган шектүү медициналык текшерүүдөн өткөрүлүп, ал мас абалда болгону аныкталган.

Учурда тишелеүү соттук-укуктук экспретизалар дайындалып, шектүнүн унаасы айып короосуна коюлду. Ал эми шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынды

Тергөө уланууда.

Scroll to Top