Ошто уурулукка шектүүлөр кармалды. Бири Орусияда адам өлтүрүү боюнча издөөдө жүргөн

12.05.2024 | 13:20

Ош облусунда уурулукка шектүүлөр кармалып, алардын бири адам өлтүрүү боюнча издөөдө жүргөндүгү аныкталган. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 8-майда М.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, “Мыйзам-Ата” аттуу дүкөнүнөн 85 миң сом акчасын жана 13 миң сомдук товарын уурдап кеткендерге чара көрүп берүүнү суранган.

Бул факт Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, мыйзамга ылайык кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүүлөр аныкталган. Алар Ош облусунун тургундары – 1982-жылы туулган Д.А. жана 1992-жылы туулган Б.Б. аттуу жарандар экени такталган.

Шектүүлөр мурда бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылып, 2018-жылдан бери уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин атайын каттоосунда турган. Андан тышкары, шектүүнүн бирөөсү Д.А. Россияда киши өлтүрүү беренеси боюнча мамлекеттер аралык издөөдө жүргөндүгү белгилүү болгон. Учурда шектүүлөр Кара-Суу РИИБдин тергөө кызматында.

Алардын башка кылмыштарга тиешеси бардыгы боюнча ыкчам-тергөө жана иликтөө иштери жүрүп жатат

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top