36 жыл бүтпөй турган. Талас облустук милиция жаңы имаратка көчүп барды (сүрөт)

36 жыл бүтпөй турган. Талас облустук милиция жаңы имаратка көчүп барды (сүрөт)

Таласта облус милициянын жаңы имаратынын ачылышы болду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Имараттын ачылышына президент Садыр Жапаров катышты.

Жапаровдун айтымында, милициянын пайдалануусуна берилген имарат 1985-жылы салына баштаган. Бирок 1987-жылы кайсы бир себептерден улам курулуш иштери токтогон. Андан бери имарат колдон-колго өтүп, ал турсун жеке менчикке да өтүп кеткен. Арадан 36 жыл өткөндөн кийин имаратты Талас облустук милициясына берүү чечими кабыл алынган. Былтыр эле бул имараттын төрт дубалдан башка эч нерсеси болгон эмес.

Ошентип имаратты оңдоо-түзөө 2023-жылдын сентябрь айында башталып, курулуш иштери 7 айда аяктаган.

Оңдоп-түзөө иштери демөөрчүлөрдүн жардамы менен жасалды. Бирок алар ким экени айтылган жок.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>