Кантта мурдагы аялын уурдап, акча талап кылган 36 жаштагы шектүү кармалдыОш шаарында жаңы өндүрүш зоналарын түзүү пландалууда16-март: Өлкөнүн айрым аймактарында жаан, кар жаайтБШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктады
Ок аткан блогердин тапанчасы алынып, өзү милицияга жеткирилди
30.05.2024 | 11:56
Instagram социалдык тармагында адамды карай ок аткан видеосун жүктөгөн 20 жаштагы блогер Максат Муктасынов милицияга жеткирилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.
Анын тапанчасы алынып, өзүнүн аракетине юридикалык баа берилет.
Белгилей кетсек, Максат Муктасынов 2 күн мурда курал колдонгону тартылган “Ойдогудай болгон жок” деген аталыштагы видео жүктөгөн.
Ички иштер башкармалыгы курал-жаракты мыйзамсыз сактоого болбостугун эскертип, аны өз ыктыяры менен тапшырган жаран кылмыш жоопкерчилигинен бошотуларын белгилейт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз