Жалал-Абад шаарында 304 орундуу заманбап муниципалдык кинотеатр курулуп жатат. Бул тууралуу шардык мэриядан билдиришти.
Кинотеатр Спутник кичирайонунда Т. Байзаков атындагы сейил бактын аймагында жайгашат.
Курулуш иштери Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн каражаттын жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт. Курулушка канча акча кетери тууралуу так маалымат берилген жок.