Эл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боорКыргызстандын Анталия шаарындагы башкы консулу алмашты28-март: Күн ачык жана жылуу болотКыргызстанда айына 1000 тонна продукция чыгаруучу заманбап сүт заводу курулат
Махмудов менен Шаршенбеков Олимпиада алдында Польшадагы мелдешке катышат
04.06.2024 | 15:48
Кыргызстандын грек-рим балбандары Польшанын борбору Варшавада өтө турган Poland Open мелдешине катышат. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Мелдеш 19-23-июнда өтөт. Ага өлкө атынан 5 спортчу катышат: Жоламан Шаршенбеков (60 кг), Амантур Исмаилов (67 кг), Раззак Бейшекеев (67 кг), Акжол Махмудов (77 кг) жана Үзүр Жусупбеков (97 кг).
Белгилей кетсек, Шаршенбеков, Махмудов, Исмаилов жана Жусупбеков үчүн бул мелдеш Олимпиада алдындагы турнир болот.
Грек-рим балбандары турнирге башкы машыктыруучу Азат Эркинбаев жана улук машыктыруучу Улукбек Карачолоковдун жетекчилиги алдында барат.