Бишкекте 9 күндөн бери 16 жаштагы Венера дайынсыз болууда

12.06.2024 | 09:30

Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы 16 жаштагы Венера Паязованы издөөдө.

Ал 2-июнь күнү үйдөн чыгып кетип кайра келген эмес.

Бою – 160 см, чачы – кыска, күрөң түстө.

Кийген кийими: ак түстөгү футболка, кара шым жана спорттук бут кийим.

Маалыматтарды бул номурларга кабарлап коюуга болот: 0(312) 35-26-05, 0(777) 86-97-97, 0(700) 86-09-09, 0(773) 90-94-65 и 102.

Scroll to Top