Кыргыз эл жазуучусу Самсак Станалиев дүйнө салды

Кыргыз эл жазуучусу Самсак Станалиев дүйнө салды

Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Самсак Станалиев узакка созулган оорудан улам 12-июнда дүйнө салды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Самсак Станалиев Жалал-Абаддын Токтогул районундагы Жазы-Кечүү айылында 1950-жылы 11-сентябрда жарык дүйнөгө келген.

1977-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты бөлүмүн бүтүргөн.

Эмгек жолун 1966-жылы Кара-Көл шаарындагы «Нарынгидроэнергокурулуш» башкармалыгында жумушчу болуп иштөөдөн баштаган. 1968-жылы Токтогул райондук камсыздоо бөлүмүндө улук эсепчи болуп иштеген.

1969–1971-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп, 1971–1972-жылдары Токтогул райондук «Учкун» гезитинде адабий кызматкер, 1977-жылы Кыргыз ССР Министрлер Кеңешинин мамлекеттик телекөрсөтүү жана радиоуктуруу комитетинин жаштар редакциясында редактор, 1978–1980-жылдары «Ленинчил жаш» гезитинде кабарчы, улук кабарчы, бөлүм башчы, 1986-жылга чейин «Мектеп» басмасынын балдар жана жаштар адабияты редакциясында редактор, 1986-жылы «Кыргызстан маданияты» гезитинин адабий сын бөлүмүнүн башчысы, баяндамачы болуп иштеген.

2000–2001-жылдары Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 10 жылдыгына арналган «Кыргызстан» энциклопедиясын чыгарууга редактор катары катышкан. 2001-жылы «Кыргыз Туусу» гезитине баяндамачы болуп ишке кирген. 2005–2011-жылдары «Адабий Ала-Тоо» гезитинин башкы редактору, ал эми 2019–2021-жылдары ай сайын чыкчу «Ала-Тоо» адабий журналынын башкы редактору болгон.

Самсак Станалиевдин поэтикалык жана прозалык 12 китептин автору. Айрым чыгармалары орус, украин, казак тилдерине которулуп, жарыкка чыккан. Ч. Айтматовдун «Тоолор кулаганда» романын, «Манастын бала чагы» эпос-жомокту, В.Ф. Одоевскийдин, О.Н. Тихомировдун ж.б. китептерин кыргыз тилине которгон.

Жазма адабиятыбыздын жаралыш, калыптаныш мезгилине байланыштуу, ошондой эле С. Карачев, К. Тыныстанов, Ж. Бөкөнбаев, Ж. Турусбеков, Т. Сыдыкбеков ж.б. өмүр жолу, чыгармачылыгын, учурдагы адабий турмушту изилдеген 250дөн ашуун адабий, илимий жана сын макалалардын автору.

1989-жылдан бери СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Самсак Станалиев кыргыз адабиятында тарыхый-биографиялык романдары менен өзгөчө орун ээлеген жазуучу. Ал 37 жашында кандуу жазалоонун курмандыгына айланган тилчи аалым, коомдук ишмер Касым Тыныстановдун (1901-1938) өмүр жолу баяндалган «Касым Тыныстанов. Чагылгандын көз жашы» (2001) романын жазган. Бул роман орто мектептердин 9,10,11-класстарында кыргыз адабияты сабагынын программасына жана жогорку окуу жайлардын окуу программасына киргизилген. Ошондой эле кыргыз жазма адабиятынын негиздөөчүлөрүнүн бири Жоомарт Бөкөнбаевдин өмүрү жана чыгармачылык тагдырына кайрылган «Жылдын эң узак күнү» (2007) романын, улуу жазуучу Ч.Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгына арналган «Ак жарыктын айыкпаган сыныгы» (2018) роман-трилогиясын жазган.

Жазуучунун «Чагылгандын көз жашы» жана «Акжарыктын айыкпаган сыныгы» романдары окурмандардын суроо-талабы менен бир нече жолу басылып чыккан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>