КРВИ жана эмдөө: Кыргызстандагы кырдаал тууралуу Мамэпидкөзөмөл департаментинен айтып бериштиОштогу бажылык тариздөө жайынан курал-жарак сакталган жашыруун жай табылдыАйтматов районунда 94 млн сомдук автобаза мамлекетке кайтарылдыОш шаарында калкы тейлөө жана унааларды каттоо бөлүмдөрү бир имаратта ачылдыМинсктен Орусия менен сүйлөшүүлөргө чейин: АКШнын Кыргызстандагы жаңы элчиси ким болушу мүмкүн?Кыргызстандын Жапониядагы туризм элчиси дайындалды
Соттолгондор жогорку кызматтарга талапкер боло албайт. Мыйзам ЖКда кабыл алынды
18.06.2025 | 17:05
Бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында соттуулугу бар жарандардын жогорку кызмат орундарына талапкер болууга тыюу салуу боюнча конституциялык мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды.
Ага ылайык, соттолгон (анын ичинде соттуулугу жоюлган же алынган, же реабилитацияланбаган негизде иши токтотулган) жарандар төмөнкү кызматтарга талапкер боло алышпайт:
- Кыргыз Республикасынын Президенти;
- Жогорку Кеңештин депутаты;
- Министрлер кабинетинде жана башка мамлекеттик органдарда кызмат орундарына;
- Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү;
- Улуттук банктын төрагасы, орун басарлары жана башкармасынын мүчөсү;
- Эсептөө палатасынын аудитору.
Министрлер кабинети тарабынан демилгеленген мыйзам долбоор жарандардын мамлекеттик бийликке болгон ишенимин жогорулатууга жана коррупцияга каршы күрөшүүгө багытталган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат