Бишкек-Балыкчы поездине дагы бир VIP вагон кошулду
Бишкек-Балыкчы поездине дагы бир VIP вагон кошулду. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасы билдирди.
Ал мурунку вагонго окшоштурулуп жасалып, кошумча тамак-аш жана суусундуктар сактала турган муздаткыч функциясы менен заманбап бар-стол орнотулган. Андан тышкары. +40ка чейинки температурада дагы ыңгайлуулукту камсыз кылган панорамалык терезелер жана кубаттуу кондиционерлер жабдылган.
[image_carousel source=”media: 210751,210752″ limit=”20″ slides_style=”photo” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”no”]
Жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн вагон видеобайкоо тутуму, ал эми жагымдуу саякат үчүн стереотутум жана телевизорлор менен жабдылган.
Бишкектен Балыкчы шаарына поезд 14-июндан жума, ишемби жана жекшемби күндөрү жүрө баштайт, ал эми 15-июлдан 31-августка чейин поезд күн сайын каттай баштайт.
Билеттерди онлайн сатып алууга болот.