УКМК Ош облусунда ири курал-жарак сакталган жайды жок кылдыКыргызстандын бийлиги айылдардагы ичүүчү сууга тарифтерди системаларды тейлөөгө кеткен реалдуу чыгымдарга шайкеш келтирүүнү пландап жатат7-март: Айрым аймактарга жаан, кар жаайтИчүүчү суунун тарифтерин тейлөө чыгымдарына ылайык жөнгө салуу сунушталдыБазар-Коргон районунда баасы 850 млн сомдон ашкан эки каналдын курулушу башталдыМөөнөтү өтүп кеткен 10 тонна кондитердик азыктар аныкталып, өрттөлдү
Чүйдө тургун эки унаанын ортосунда калып, көз жумду (видео)
14.06.2024 | 12:14
Чүй облусунда Кара-Балта – Бишкек жолунда болгон жол кырсыкта бир адам каза болуп, дагы бир киши ооруканага түштү. Бул тууралуу облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсык 11-июнда таңкы саат 06:30 чамасында болгон. “Хонда Степвагон” чыгыштан батышты көздөй баратып, Садовое айылында жолдун четинде токтоп турган “Мерседес Бенц Спринтер” унаасын жана ага жүк салып жаткан адамды сүзгөн. Анын кесепетинен 37 жаштагы Ш.С. аттуу жаран окуя жеринде каза болгон. Ошондой эле “Спринтер” унаасы алдыда турган “Форд Транзит” унаасын сүзүп алган.
Андан тышкары “Хонда Степвагон” унаасында келе жаткан 25 жаштагы Г.К. аттуу жүргүнчү оорукана түшкөн.