Кыргызстандык бийчилер эл аралык турнирде жеңишке жетишти
Кыргызстандык бийчилер Москва шаарында өткөн «Мегаполис Кубогу – 2024» жылдык бал бийи боюнча эл аралык турнирде жеништерге жетишти. Бул тууралуу Бий федерациясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, «Мегаполис Кубогу – 2024» жылдык бал бийи боюнча эл аралык турнир турнир ушул жылдын 7-8-июнунда Россиянын Москва шаарында өттү. Анда Кыргызстандын Бий спорту федерациясынын бийчилери эң сонун жыйынтыктарды көрсөтүштү.
“Мегаполис Кубогу – 2024” эл аралык турниринин жыйынтыгы:
– бийчи жуптар Дмитрий Блинков жана Мамбетова Асал Жаштар + Чоңдор категориясында А классына чейин латина бийи боюнча – 1-орунду ээлеп, алтын медалга татышты;
– бийчи жуптар Алихан Бердиев менен Румия Камалидинова өспүрүмдөр латын классына чейинки категорияда 2-орунга ээ болушту;
– спорттук бийчилердин жуптары Гусев Андрей жана Жеңишбекова Мээрим Жаштар + Чоңдор категориясында С класска чейин латина бийинде 2-орун, Жаштар + категориясында 1-орунду ээлешти;
– спорттук бийчилердин жуптары, Жеңишбеков Байжигит жана Дарья Зайцева жуптары Жаштар + Чоңдор категориясында С класска чейин Латина, Жаштар + Чоңдор категориясында В класска чейин Латина 1-орунга ээ болушту.
– бийчи спортчулардын жуптары, Аарон Ратинов жана Анжелика Ратинов жуптары Жаштар + Чоңдор категориясында С класс стандартына чейин 2-орунду ээлешти.
Спортчулар Кыргызстандын Бий спорт федерациясынын “AlexiS”, “Sofia”, “Dance Elite”, “Мария” бий спорт клубдарынын өкүлдөрү.
[image_carousel source=”media: 210839,210840,210841,210842,210843,210844,210845,210846″ limit=”20″ slides_style=”photo” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”no”]
Биздин Телеграм каналга катталыңыз