Ноокен районунун Эски-Кочкор-Ата айылында 10 жашар бала каза болду. Аны кечээ кечинде жүргөн сел агызып кеткен.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында, баланын сөөгүн айыл тургундары таап чыгышкан.
Райондун эки айылынын тургундары убактылуу эвакуацияланды.
Мындан тышкары, Бишкек – Ош унаа жолунун 518-чакырымын сел каптады. Саат 21:10до аталган унаа жол тазаланып, бир тараптуу ачылды.