Өзбекстандын муфтийи Нуриддин Халикназаров Меккеде зыяратта жүргөн жарандарды мекенине баргандан кийин ажы той өткөрбөөгө чакырды.
Ал ысырапкорчулукка жол бербей, элге мактанып, ашыкча шаан-шөкөт уюштуруу диндин талаптарына каршы келерин айтат.
«Сиз бул жерде ибадат кылып жатасыз. Азыр балаңызга чалып, «сен мени шаан-шөкөт менен, көчөгө килем салып тосуп алсаң ыраазы болбоймун», — деп айттың. Ажылыкты биз эл көрсүн деп эмес, Аллаанын ыраазылыгы үчүн аткарабыз. Эгер айылга барган андай ысырапкорчулук кыла турган болсок, анда биз Арафатта берген убадалабыздан не пайда?», — деди Нуриддин Халикназаров.
Ал той өткөргөндүн ордуна муктаж үй-бүлөлөргө жардам берүүнү сунуштады.
Белгилей кетсек, быйыл Кыргызстандан 6 миң 60 адам Меккеге зыяратка кетишкен. Ажылык баасы — 3 миң 750 доллар.