Бишкек ЖЭБин оңдогон кытайлык ТВЕАга кайра кызматташуу сунушталды

Бишкек ЖЭБин оңдогон кытайлык ТВЕАга кайра кызматташуу сунушталды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайга иш сапарынын алкагында  “TBEA Company Limited” компаниясынын президенти Чжан Синь менен жолукту.

Акылбек Жапаров ТВЕА компаниясы  ишке ашырган долбоорлордун республика үчүн маанилүүлүгүн белгилеп, компанияны Кыргызстандагы кайра жаралуучу энергияны өнүктүрүү жаатындагы долбоорлорго катышууга чакырган. Кытайлык ишкерге электр унааларын кубаттоочу ыкмаларын ишке киргизүү жана орнотуу сунушталган.

Чжан Синь Кыргызстан менен жаңы идеяларды жана энергетикалык долбоорллорду ишке ашырууга дайым даяр экенин билдирди.

Белгилей кетсек, ТВЕА Бишкек жылуулук электр борборун модернизациядан өткөргөн. Ага байланыштуу кылмыш иши козголуп мурдагы премьер-министр Сапар Исаков баш болгон бир катар жетекчилер соттолгон.

Бишкек ЖЭБи 2013-2017-жылы модернизациядан өтүп, ага 386 миллион доллар сарпталган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>