Зергерчилик, тигүү тармагы жана чакан бизнеске колдоо көрсөтүү боюнча жарлыкка кол коюлдуБишкекте 3 күн бою изделип жаткан окуучу кыз табылдыБШК №29 округ боюнча шайлоонун жыйынтыгын бекитти7-декабрга карата аба ырайыАк-Сууда көп убакыт аялына зомбулук көрсөтүп жүргөн жаран кармалдыБишкекте 16 жашар окуучу кыз 3 күндөн бери изделип жатат
Кылмыштуу топко базарын алдырган ишкер, насыя төлөй албай үй-жайсыз калган
15.07.2024 | 15:00
“Жунхай” базарынын жанындагы “Береке” базарын опузалоо менен тартып алган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Ы.М. кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Ал базарды тартып алып, анын ээсин криминалдык авторитет менен туугандык байланышы бар экендигин айтып, коркутуп келген.
Ишкер, бокс чебери жана бокс боюнча улуттук курама команданын улук машыктыруучусу, 2010-жылы насыя алып, тендер аркылуу 8,5 сотых жер тилкени сатып алган. Акчаны банкка кайтара албай, турак-жайынан ажырап, толук кандуу жашоо үчүн дээрлик каражаты жана мүмкүнчүлүгү жок калган.
Буга чейин укук коргоо органдарына кайрылып, андан жыйынтык чыккан эмес.
Ы.М. КР УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом