Жапаров ЕАЭБ алкагында баалуу кагаздардын чек ара аралык жүгүртүүсүнө уруксат берүү тууралуу макулдашууну ратификацияладыКыргызстандын бардык шайлоо тилкелеринде тесттик добуш берүү өтүүдөБишкекте эл аралык «Art-Ordo — 2025» театр фестивалы башталдыСалык кызматында 13 кызматкер жумуштан бошотулдуКыргызстан менен Словения ар тараптуу кызматташууну өнүктүрүүдөЖаш баланын өлүмүнө себепкер болгон 17 жаштагы айдоочу бир айга камалды
Ак илбирсти аткандарга салына турган айыппул 2 млн сомго чейин көбөйтүлдү
17.07.2024 | 14:42
Кыргызстанда Кызыл китепке киргизилген жаныбарларды аткандарга салына турган айыппул көбөйтүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Министрлик белгилегендей, жарандар Кызыл китепке кирген жаныбарларды аткандар тууралуу кабар берип, мыйзамсыз аңчылар кармалса, андан өндүрүлгөн айыппулдун жарымын (50%) маалымат берген адам алат.
Айыппулдун өлчөмү:
– ак илбирс – 2 млн сом (буга чейин 1,5 млн сом болгон);
– аркар, күрөң аюу, марал (бугу), жейрен – 1,5 млн сом (буга чейин 1 млн сом болгон);
– Тоо теке – 300 миң сом (буга чейин 100 миң сом болгон), элик – 100 миң сом (буга чейин 50 миң сом болгон).
Рубрики: Жаңылыктар, Коом