Президенттин коррупцияга айыпталып жаткан иниси эми алдамчылыкка шектелүүдө

17.07.2024 | 15:35

УКМК президент Садыр Жапаровдун иниси Улан Жапаровду кармады. Бул маалыматты Reporter.kg’ге Биринчи май райондук сотунан ырасташты.

Маалым болгондой, ал ири өлчөмдө алдамчылык жасаган деп шектелүүдө.

Анын бөгөт чарасы 21-июнда сотто каралып, УКМКнын тергөөчүсү келтирген өтүнүч боюнча Улан Жапаров 19-августка чейин камакка алынган.

Эскерте кетсек, Улан Жапаров өлкө башчысынын тууганы Ракымжан Жапаровдун уулу. Ал укук коргоо органдары тарабынан биринчи жолу кармалып жаткан жок. Буга чейин 2023-жылы июль айында ИИМ тарабынан бажыдагы коррупциялык ишке аралашкан деп кармалган. Улан Жапаров №1 тергөө абагында 3,5 ай камакта отургандан кийин 19-октябрда үй камагына чыгарылган.

Аталган кылмыш ишин ИИМ тергеген. Иш Биринчи май райондук сотунда каралып жатат.

Президент Жапаровдун инисине козголгон иш. Азыр эмне белгилүү?

Scroll to Top