Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон Душанбеде жолугушту2026-жылдагы ажылык сапарды “Flyadeal” аткарат — 6060 кыргызстандык зыяратчы учатДональд Трамп Израиль менен ХАМАС тынчтык планына кол коюшканын жарыяладыКыргызстанда тоо-кен тармагын өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуу жана коңшу өлкөлөр менен кызматташууну күчөтүү сунушталдыУКМК: «Хизб ут-Тахрир» уюмунун активдүү мүчөлөрү кармалдыСадыр Жапаров Тажикстанга барды
Балыкчыда кримчөйрөдөгү адам алдамчылыкка шектелип кармалды
22.07.2024 | 14:36
Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга шаар тургуну кайрылган. Ал билдиргендей, 2022-жылы декабрда чала тааныш болгон Т. аттуу адам ага BMW унаасын сатып, 300 миң сом алган. Бирок арадан 2 жума өткөндөн кийин кайра келип BMW унаасын алдоо жолу менен алып кеткен. Ал акчаны же унааны кайтарып бербей, изин жашырып кеткен.
Бул факт боюнча “алдамчылык” беренеси менен иш козголгон.
Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 26 жаштагы Т.Т. аттуу жаран кармалган. Ал ИИМде уюшкан кылмыш топтун мүчөсү катары каттоодо турат.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.
Учурда тергөө иштери уланууда.