Онлайн эмес: Бишкектеги мектептер эртең кадимки тартипте иштейтОвсюктун жаңы коркутуусу: бул жолу Бишкектеги соода борборлоруОкуучуларды коркуткан адамдын өздүгү аныкталдыБишкектеги мектептер 17-октябрда онлайн форматка өтөтБишкекте белгисиз адам окуучуларды коркуткан— мектептер курчоого алынып, балдар эвакуацияландыКыргызстанда айдоочуларды окуткан унааларга текшерүү жүрүп жатат
Ажы тойдо видеого түшүп калган Кара-Суунун акими кармалды
24.07.2024 | 10:08
Кара-Суу районунун акими Темирболот Абыкеев кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармалды. Бул тууралуу маалыматты Ош облустук соту ырастады.
Алардын билдирүүсүндө, кечээ аймактык сот анын бөгөт чарасын карап, камакка алуудан баш тартып, эч жакка кетпөө тил каты менен бошотту.
“Анын туруктуу жашаган жери бар жана кызматтык иш сапары эске алынды”, – дейт облустук сот.
Темирболот Абыкеевди УКМК кармаган. Айрым маалыматтарга караганда, ал район аймагындагы жайыт жерлерин мыйзамсыз берүүгө шектелүүдө.
Акимге каршы буга чейин “ОшТВ” каналынын журналисти арыз жазган.
https://reporter.kg/kara-suunun-akimin-azhy-tojdo-videogo-tartkan-zhurnalistke-kol-saluu-boldu/
Рубрики: Жаңылыктар, Коом