Бишкекте Түрк дүйнөсү жаштарынын II форуму өтөтБишкекте адамдарды тоноп жүргөндөр кармалды — арасында жаш балдар барКыргызстанда Россиянын маданият күндөрү өтөт Жогорку жаза — коомдук тынчсызданууга жоопБишкектеги кафе-ресторандарды дааратканага жарандарды акысыз киргизүүгө милдеттендирүү сунушталуудаБишкекте жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелгендер кармалды
УКМК пара алып жаткан эки милиционерди кармады
31.07.2024 | 17:16
Балыкчыда ИИМдин эки кызматкери пара алып жатканда кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалым болгондой, аталган милиция кызматкерлери териштирүү жүргүзүлүп жаткан иш боюнча оң чечим чыгаруу үчүн ишкерден пара талап кылган. Алар 30-июлда 83 миң сом алып жатканда УКМК жана ИИМдин ички иликтөө кызматы тарабынан колго түшүрүлгөн.
Шектүү катары кармалган ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкери И.К. жана Балыкчы шаардык милициянын тергөөчүсү Ш.Ж. Бишкекке алып келинип, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом