Шаршенбеков Олимпиададагы биринчи атаандашы менен канча жолу күрөшүп, канча жолу уткан?

Шаршенбеков Олимпиададагы биринчи атаандашы менен канча жолу күрөшүп, канча жолу уткан?

Бүгүн, 5-августта Олимпиада оюндарында грек-рим балбаны Жоламан Шаршенбеков (60 кг) таймашка чыгат. Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 19:00до башталат.

Анын 1/8 финалдагы биринчи атаандашы казакстандык спортчу Айдос Султангали болот. Буга чейин эки балбан үч ирет таймашка түшкөн. Үчөөндө тең Шаршенбеков жеңүүчү болгон.

Алгач ирет алар 2020-жылы Азия чемпионатынын 1/8 финалында беттеш өткөргөн. Анда Айдос Султангали 6:7 эсебинде жеңилүү ызасын тарткан.

Андан кийин эки спортчу 2021-жылы Түркиядагы Evre&Hamit Kaplan эл аралык мелдешинде күрөшүп, Шаршенбеков 9:2 эсебинде жеңишке жеткен.

Үчүнчү ирет алар 2022-жылы дүйнө чемпионатынын жарым финалында кез келген. Анда Шаршанбеков Айдос Султангалини 7:0 эсебинде жеңген.

Эми эки балбан төртүнчү жолу күч сынашат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>