Ичүүчү суунун тарифтерин тейлөө чыгымдарына ылайык жөнгө салуу сунушталдыБазар-Коргон районунда баасы 850 млн сомдон ашкан эки каналдын курулушу башталдыМөөнөтү өтүп кеткен 10 тонна кондитердик азыктар аныкталып, өрттөлдү8-мартта тынчтык акциясын өткөрүүгө уруксат сурап, президентке кайрылуу жасалдыОш шаарында үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө белек берилдиЖакында эле эркиндикке чыккан Даниэль Ажиев кайрадан кармалды
Ысык-Көлдө 15 жаштагы Ринат Дүйшөнбеков изделүүдө
08.08.2024 | 17:47
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 15 жаштагы Ринат Дүйшөнбеков дайынсыз болууда. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча, 8-августта аларга 45 жаштагы жаран кайрылган. Ал билдиргендей, 15 жаштагы уулу Ринат Дүйшөнбеков 5-августта Оттук жайлоосунда мал кайтарып жүргөн жеринен дайынсыз жоголгон.
Учурда милиция, ӨКМдин кызматкерлери жана айыл өкмөттүн өкүлдөрү издөө иштерин жүргүзүүдө.
Белгилери: бою 165-170 см, арык чырай, чачы кара
Кийген кийими: Кара бушлат куртка, кара шым, кара желим өтүк, жашыл түстөгү камуфляж баш кийим
Ринат Дүйшөнбековду көргөндөр болсо, Ак-Суу райондук милициясына, 102 кызматына же 0701 063 102 номерине кайрылса болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом