Ош шаарында көп кабаттуу үйдөн ири өрт чыктыБишкекте айдоочулук күбөлүгү жок өспүрүм катышкан жол кырсыгы болуп, бир бала каза таптыСаясат жана кылмыш темаларын чагылдырган журналист Вадим Ночевкин каза таптыТаш жүктөп бараткан. Бишкекте жүк ташуучу унаа оодарылып кеттиБишкектеги соода борборлорун жардырам деп билдирүү тараткан жаран кармалдыИнтернет шылуундугу: Жаранды 14 млн сомго алдап кеткен шектүү кармалды
Садыр Жапаров жаңы “Ак үй” жакында ачыларын айтты
09.08.2024 | 09:40
Жакын арада президенттин администрациясынын жаңы имаратынын ачылышы болот. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Чолпон-Атада өткөн президенттин Иш башкармалыгынын 30 жылдыгына арналган иш-чарада билдирди.
Жаңы Ак үйдүн имаратынын курулушу 2022-жылыл апрелде башталган. Бул демилге көтөрүлгөндө, сын айткандар көп болгон. Анда Садыр Жапаров жаңы имаратты курууга мамлекеттик бюджеттен бир да тыйын кетпей турганын, болгону курулуш компаниясына шаардан жер берилерин билдирген.
2023-жылы августта Ак үйдү салып жаткан компанияга Бишкектин түштүгүнөн 26 гектар жер берилери белгилүү болгон.
https://reporter.kg/bishkekte-zhany-ak-yjdy-kurup-zhatkan-kompaniyaga-26-ga-zher-berilet/
Рубрики: Жаңылыктар, Коом