Old Bishkek комплексин нөшөрлөгөн жаандан улам суу каптады. Нариман Түлеев эмне деди?Садыр Жапаров жаңы жылдык куттуктоосунда 2025-жылдын жыйынтыгын чыгардыҮй иштериндеги аялдардын жүгү эркектердикинен беш эсе оорБишкекте турак үйдөн өрт чыгып, бир адам каза таптыУКМК «Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомуна» таандык жер мыйзамсыз менчиктештирилгенин аныктадыИИМ: Кытайлык айдоочуларга жол эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү
2,8 миң жетим балага мамлекет банктан аманат ачат
13.08.2024 | 11:02
Жетим балага мамлекет банктан аманаттык эсеп ачат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы “Келечекке салым” балдар депозитиинин жобосу бекитилгенин кабарлады.
Ал “Айыл Банкта” ачылат. Ыйгарым укуктуу орган тарабынан жетим балдарга жана алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө жеткиликтүү байланыш каражаттары (почта, электрондук почта) аркылуу “Келечекке салым” депозитинин банк эсебинин номери кабарланат.
Бала 18 жашка чыкканда, депозитте 500 000 (беш жүз миң) сомдон кем эмес өлчөмдө топтолгон каражаттар анын тандоосу боюнча билим алууга же ден соолугун, турак жай шарттарын жакшыртууга же турак жай сатып алууга чыгымдарга каралган.
Эмгек министрлигинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө өлкөдө 2 853 жетим бала жашайт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом