Бишкектин улгайган тургуну телефон алдамчыларына жыйырма эки миллион сомдон ашык каражат которгонУКМК Ош облусунда ири курал-жарак сакталган жайды жок кылдыКыргызстандын бийлиги айылдардагы ичүүчү сууга тарифтерди системаларды тейлөөгө кеткен реалдуу чыгымдарга шайкеш келтирүүнү пландап жатат7-март: Айрым аймактарга жаан, кар жаайтИчүүчү суунун тарифтерин тейлөө чыгымдарына ылайык жөнгө салуу сунушталдыБазар-Коргон районунда баасы 850 млн сомдон ашкан эки каналдын курулушу башталды
Чүйдүн тургунун 5,3 млн сомго алдап кеткендердин бири кармалды
07.09.2024 | 15:19
Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген жаран кармалганын 6-сентябрда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы.
Кылмыш 24-июлда Сокулук районундагы Фрунзе атындагы совхоздун бастырмасында болгон.
Дыйкандын айтымында, ал жалпы баасы 5 миллион 350 миң сомдук 57 жылкыны тааныштарына берген. Алар 10 күндүн ичинде төлөп беребиз деп убалашкан. Бирок, алар алдап кетишкен.
Аталган факты КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») менен катталган.
Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 2002-жылы туулган Т.А, кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар