Оштогу ооруканага 5 млн долларлык медициналык жабдуулар берилет

Оштогу ооруканага 5 млн долларлык медициналык жабдуулар берилет

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 7-сентябрда Ош шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында Ош шаардык клиникалык ооруканасында болуп, жаңы курулуп жаткан клиникалык диагностикалык бөлүмдүн курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Оорукананын директору Шаят Абдурахманов министрге курулуш иштери 90%га бүтүп, сентябрдын аягына чейин толугу менен бүтөрүн маалымдады. Бул бөлүмдүн курулушуна жергиликтүү бюджеттен 53 млн сом бөлүнгөн.

Белгилей кетсек, Кытай грантынын алкагында оорукана 5 миллион долларлык 14 аталыштагы медициналык жабдууларды алат. Ал эми кыргыз тарап консультациялык-диагностикалык бөлүм үчүн өзүнчө имарат куруп бериши керек болчу.

Мындан тышкары, министр 300 орундуу көп функционалдуу оорукананын имаратынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Долбоорду аяктоо 2025-жылга пландалып, бул максатка 595 миллион сом бөлүнгөн. Жалпы аянты 6 миң 633,5 чарчы метр болгон оорукана 3 блоктон туруп, анда кардиология, ортопедия, ЛОР, көз, урология, эндокринология жана терапевтик бөлүмдөр жайгашат. Ошондой эле операциялык жана реанимация бөлүмдөрү, ашкана, кир жуучу жай, кампалар болот.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>