Аламүдүндө тапанча, ок-дары сакталган жай табылды

Аламүдүндө тапанча, ок-дары сакталган жай табылды

Чүй облусунун Аламүдүн районунда курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жай табылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Жашыруун жерден Ф-1–1 гранатасы, болжолдуу түрдө «Браунинг 1900» (эски) үлгүсүндөгү тапанча, МР 371 үлгүсүндөгү сигналдык тапанча, патрондор (7,62 мм калибр – 26 даана, 7,62 х 54 – 2 даана, 5,45 мм – 81 даана, 9,18 – 17 даана) жана Калашников автоматынын окчонтою табылган.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, табылып алынган курал-жарактар жана ок-дарылар баллистикалык экспертиза жүргүзүү үчүн Соттук-эксперттик кызматына жөнөтүлгөн.

Тэги: УКМК Чүй

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>