Эттин баасына мамлекеттик көзөмөл киргизилетКыргызстан менен Өзбекстан тышкы иштер министрлери кызматташуунун жаңы багыттарын талкуулаштыАксыда үч милиция кызматкери пара талап кылууга шектелип кармалды«Рух Санат» дүйнөлүк фестивалына кирүү акысыз болотБишкек — Балыкчы багытындагы поезддерге видеокамералар орнотулуп, “Коопсуз шаарга” кошулдуЫсык-Көлдө катуу жааган жамгырдан улам сел жүрдү
Банкка келип, жасалма 7 миң долларды алмаштырып кеткен. Шектүү кармалды
19.09.2024 | 15:28
Баткендин Кызыл-Кыя шаарында жасалма акча алмаштырып, изин жашырып кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча, 2023-жылы ноябрда Кызыл-Кыядагы банктардын бирине белгисиз жаран келип, жасалма 7 миң доллар алмаштырып кеткен.
Аталган факт боюнча “алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары Оштун Ноокат районунун 28 жаштагы тургуну (М.М.) Бишкек шаарынан кармалып, Баткенге алып келинген.
Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.
Тергөө иштери уланууда.