Бишкекте үч жылдан бери издөөдө жүргөн жаран кармалды

22.09.2024 | 15:03

Бишкекте үч жылдан бери тергөөдөн жашырынып жүргөн 39 жаштагы Кадамжай районунун тургуну кармалды.

Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, мурда соттолгон адам Кызыл-Кыя шаарындагы базардан 1996-жылы туулган жергиликтүү тургундан ВАЗ-2107 үлгүсүндөгү унаа сатып алып, бирок акчасын төлөбөй, качып кеткен.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган. Кылмышка шектүү С.Р. Кызыл-Кыя ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери анын жүргөн жерин аныктап, Бишкек шаарынан кармашкан.

Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүп, тергөө амалдары уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top