Гүлшат Асылбаева экономика министринин орун басары болду

Гүлшат Асылбаева экономика министринин орун басары болду

Гүлшат Асылбаева экономика жана коммерция министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Жаңы кызматка дайындалганга чейин Асылбаев Монополияга каршы кызматтын жетекчиси болгон. Ал кызматта 2023-жылдын сентябрь айынан бери иштеп жаткан.

2015-2023-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>