Жаш баланын өлүмүнө себепкер болгон 17 жаштагы айдоочу бир айга камалдыФучик көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылдыЮ. Фучик көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоп-түзөөдөн кийин ачылдыКатар өкмөтү Бишкек медициналык тез жардам клиникалык ооруканасына кошумча корпус курууга грант бөлдү«Гавайинин» ээси Журат Абдуллаев өз үйүндө кайтыш болдуОш мэри: Өрттөнгөн көп кабаттуу үй мэриянын эсебинен оңдолот
Эркинов министрдин орун басары болду. Буга чейин аны УКМК коррупция иши боюнча кармаган
30.10.2024 | 18:34
Темирбек Эркинов тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Тиешелүү тескемеге өкмөт башчы Акылбек Жапаров кол койгон.
Эскерте кетсек, буга чейин Темирбек Эркинов Акылбек Жапаровдун кеңешчиси, Кыргыз-венгер өнүктүрүү фондунун башчысы болгон. Быйыл май айынын башында ал УКМК тарабынан коррупция боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, эки аптадан кийин үй камагына чыгарылган.
Жергиликтүү ММКлар жазгандай, ал күнөөнү мойнуна алуу тууралуу келишим түзгөндүктөн камактан бошотулган.
https://reporter.kg/korrupcziyaga-shektelgen-okmot-bashchynyn-keneshchisi-zhumushka-chykty/
Рубрики: Жаңылыктар, Коом