Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, 24-февраль күнү Сокулук районунун Садовый айылындагы турак жайдан өрт чыккан.
Анда 22 чарчы метрлик үйдүн жыгач полу жана шыбы күйгөн. Өрттүн кесепетинен 62 жаштагы эркек киши 1-даражадагы күйүк алып ооруканага жеткирилегн. Учурада өрттүн себеби такталууда.
Белгилей кетсек, бир сутканын ичинде республиканын аймагында 8 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 11 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.