Казакстанда кафеде жарылуу болуп, 7 адам каза таптыКыргызстан ЕАЭБдин эрежелери бузулгандыгы үчүн Өзбекстанга 29 миңге жакын көчөттү кайтардыЕБ өкүлү кыргыз банктарын санкциялык тизмеден чыгаруу боюнча сунуштар жөнөтүлгөнүн айттыАк-Сууда өзүн-өзү өрттөгөн аялдын артында төрт бала калды. Акыйкатчы ишти жеке көзөмөлүнө алганын билдирдиСадыр Жапаров «Ынтымак Ордодо» республикалык кеңешме өткөрөтТөө-Ашууда кар көчкү атайлап түшүрүлөт: Жүк ташуучу унааларга чектөө коюлду
Шопоковдо ишканадагы жарылуудан кийин чыккан өрт өчүрүлдү
13.11.2024 | 17:03
Чүйдүн Шопоков шаарында темирди кайра иштетүүчү ишканадагы жарылуудан кийин чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирген.
Министрликтин маалыматы боюнча, жарылуу болжол менен саат 13:20дарда болгон. Алдын ала маалыматка ылайык, ишкананын темир эритүүчү казаны жарылып, анын тегерегиндеги таштандылар күйгөн.
Тилсиз жоо менен күрөшүүгө 1 бөлүм тартылып, өрт саат 15:35те толук өчүрүлгөн.
Кырсыктан жабыркагандар жана каза болгондор жок.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом