Жалал-Абаддын Шамалды-Сай шаарчасында №108 кесиптик-лицейдин мурдагы жетекчилиги 65 сотых жерди мыйзамсыз менчиктештирип алган. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматы боюнча, аталган жерди 2003-жылы лицейдин ошол кездеги жетекчилиги менчигине алып алган.
Натыйжада ал жер кайра мамлекетке кайтарылды. Анын баасы 9 млн 100 миң сомду түзөт.