Кыргыз мамлекеттик куурчак театры 88-сезонун ачат. Октябрь айында кайсы чыгармалар коюлатКыргызстан менен Кытай энергетика тармагында кызматташуу макулдашуусуна кол коюштуБишкекте 25-сентябрда ыктыярдуу кан тапшыруу акциясы өтөтКыргыз тили жашоо, жумуш жана илим үчүн: 2028-жылга чейин эмне өзгөрөт?Депутат электромобилдерди ташып келүүгө квотаны дагы көбөйтүүнү сурандыШКУ менен БРИКС жаңы каржылык архитектураны калыптандырууда — эксперт Алмаз Насыров
Айжигитовдун ордуна “Ыйман нуру” партиясынан Табылды Муратбеков Жогорку Кеңешке депутат болду
05.06.2025 | 17:40
Бүгүн, 5-июнда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия (БШК) Табылды Муратбековду “Ыйман нуру” партиясынан Жогорку Кеңешинин депутаты кылып каттады. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.
Муратбеков буга чейин мандаты алынган Султанбай Айжигитовдун ордуна келди. Ага белгиленген үлгүдөгү депутаттык күбөлүктү жана төш белгини БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров тапшырды.
Табылды Муратбеков 1994-жылы Ысык-Көл облусунун Түп районунда туулган. 2016-жылы Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин аяктаган.
Эске салсак, ушул жылдын 28-мартында Борбордук шайлоо комиссиясы Султанбай Айжигитовду депутаттык мандатынан ажыраткан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом