УКМК Ош облусунда ири курал-жарак сакталган жайды жок кылдыКыргызстандын бийлиги айылдардагы ичүүчү сууга тарифтерди системаларды тейлөөгө кеткен реалдуу чыгымдарга шайкеш келтирүүнү пландап жатат7-март: Айрым аймактарга жаан, кар жаайтИчүүчү суунун тарифтерин тейлөө чыгымдарына ылайык жөнгө салуу сунушталдыБазар-Коргон районунда баасы 850 млн сомдон ашкан эки каналдын курулушу башталдыМөөнөтү өтүп кеткен 10 тонна кондитердик азыктар аныкталып, өрттөлдү
Бишкекте “Кан тапшырып, адам өмүрүн сакта” акциясы өтөт
19.11.2024 | 17:42
Бишкекте онкологиялык ооруларга чалдыккан балдарга жардам берүүгө багытталган “Кан тапшырып, адам өмүрүн сакта” аттуу кайрымдуулук акциясы өтөт. Бул тууралуу Ыктыярчылар бирикмеси билдирди.
Акцияга катышууну каалаган жарандар 21-ноябрда саат 09:00дон 14:00го чейин Hyatt Regency Bishkek мейманканасына келип, кан тапшыра алат.
Жарандар кан тапшыруу менен ооруп жаткан балдарга жардам берет, канынын тобун биле алат жана канында инфекциялар бар-жогун текшерте алат.
Бул иш-чара 20-ноябрь – Балдардын эл аралык күнүнө карата уюштурулат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом