Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (ММКФ) Бишкек аймактык башкармалыгынын башчысы болуп Артурбек Жуманазаров дайындалды. Бул тууралуу фонддун басма сөз кызматы билдирди.
Жуманазоров буга чейин Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу илимий-изилдөө институтунун директорунун орун басары болуп иштеп келген.
ММКФтин мурдагы жетекчиси Болотбек Момбеков 29-январда 1800 евро (143 миң сом) пара алды деп кармалган.