Кыргызстандык парадзюдочулар Астанада өткөн “Дүйнө Гран-При” эл аралык мелдешинде 3 медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Медалдардын бирөө алтын, экөө коло.
Алтын байгени Фердауза Убакирова (46 кг), колону Надежда Рак (60 кг) жана Улукбек Марсбек уулу (64 кг) тагынды.
Курама команда мелдешке башкы машыктыруучу Канатбек Имияновдун жетекчилиги алдында катышты.